Туйгунаалы Абдраимов: Мен камалгандан коркпойм

282

Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгунаалы Абдраимов сурак берүү үчүн ИИМдин имаратына кирип кетти. Ал кылмыш кодексинин 309-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) боюнча айыпталууда. Абдраимов суркка кирип бара жатып, журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Мен өзүмө тагылган айыпты жалган жалаа деп билем жана эч кандай күнөөм жок деп айта алам. Бул азыркы бийлик тарабынан уюшулган куугунтук. Тынчтык митинги гана болмок. Мен камактан коркпойм. Ошондуктан джинсы кийип, атайын даярданып келдим. Адилеттүүлүк бир күнү орнойт»,-деди Абдраимов.