Акжол Махмудов Аруузаттын атасына 15миң 600 доллар берди

765

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келген Аруузаттын атасына, он беш миң алты жүз АКШ долларын берди.

«Бүгүн Аруузаттын атасына он беш миң алты жүз долларды тапшырдым, бул сумма аукциондук төлөмдүн жалпы суммасынын алтымыш пайызын түзөт. Калган отуз пайызы «Апаке» фондуна, он пайызы Ак илбирсти коргоого жумшалат», — деп жазды Акжол Махмудов.

Эске салсак, 25-августта Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунда Акжол Махмудовдун Токио олимпиадасында кийген трикосу аукциондо жыйырма алты миң долларга сатылган. Спортчу чогулган каражаттын алтымыш пайызы 2 жаштагы Аруузаттын дарылануусуна жумшаларын билдирген.