Сөккөнү үчүн досун бычактап салган

684

“Педараст” дегени үчүн ызаланып кетип досун бычактап салган жаранга сот алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку сот сайтына жарыялады.

Маалыматта, окуя Кара-Балта шаарында болгон. Эки дос ичип отуруп бирөөсү “педараст” деп экинчисин сөгүп ийген. Ызалана түшкөн Андрей тура калып столдун үстундө жаткан бычак менен бир нече жолу Мишаны сайып алган да сыртка чыгып кеткен. Жаракат алган Миша отрунан теңселе туруп аялы жаткан бөлмөгө барган. Аялы болсо Миша мастыгынан улам сенделип араң басып жатат деп ойлоп маани берген эмес. Качан Миша жерге кулап түшкөндө анын кийиминин кан болуп калганын көргөн. Бирок жаракатын караган эмес. Андрей бир бөтөлкө алып кайра келип үчөө кайрадан ичип башташкан. Андан кийин Мишанын аялы уктаганы кетип калган. Эртеси Мишаны тез жардам алып кеткенин уккан.

Ооруканадан Мишанын жаракаты оор экенин аныктаган. Тергөө учурунда Андрей күнөөсүн мойнуна алып, аны досу “Педараст” деп сөккөнүнө арданып кетип сайып салганын айткан.