Үрөйдү учурган кырсык 3 адамдын өмүрүн алып кетти

683

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 3 адам каза болду.

Маалым болгондой, 15-сентябрда саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Бишкек— Ош унаа жолунун 308-чакырымында «MAН» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа менен ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү унаа кагышып, анын кесепетинен «Жигули» унаасындагы 3 адам (эркек киши) окуя болгон жерде мүрт кетти.

Жерине Токтогул районундагы ӨКБнын №97 ӨК-КБдан 5 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылып калган 3 адамды чыгарып, Токтогул РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте тез жардам автоунаасы менен Токтогул райондук оорукананын өлүкканасына өткөрүп беришти. Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.