Улукбек Марипов окуучуларга ачык сабак өтүп жатат

732

Бугүн, 15-сентябрда жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга ачык сабак өтүп жатат.

Мариповдун Кашка-Суу айылындагы мектептин 11-классынын окуучуларына сабак өтүп жатканы анын фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу түз эфирде чагылдырылды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө Чүй облусунундагы мектептердин бирине бара турганын кабарлаган.