1200 доллар пара талап кылган.ОшМУнун мугалими кармалды

159

1200 доллар пара талап кылган ОшМУнун мугалими кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда ал баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн, аталган окуу жайга алып барган учурда, окуу жайдын мугалими 1200  доллар акча талап кылып жаткандыгы тууралуу айткан.

13-сентябрда акча сураган жарандар боюнча маалыматтар такталып,ыкчам иштер алынып барылды. Натыйжада  арыздануучу тарабынан талап кылынган  акчанын бир бөлүгүн, 40 миӊ сом акчаны алып жаткан учурда аталган окуу жайынын  кызматкери Ө.А. кармалды. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын Токтогул эс алуу багына алып келип берүүнү айткан.

Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыкты.