Президент Армия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды

405

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Ата-Мекендик аскер кызматкерлери – VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу маалыматты, Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«АрМИ эл аралык аскер оюндары акыркы 7 жылдан бери көптөгөн мамлекеттердин арасында өткөрүлүп келе жатат.

Садыр Жапаров, танкисттер 31-августта — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жеңишке жетишкенин, ал эми эң мыкты даярдыгын десантчылар — өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн келечектеги офицерлери көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү сааттарды тапшырды, алардын айрымдарына президенттин атынан ыраазычылык каты берилди. Мындан сырткары, «Танк биатлону» менен «Десанттык взвод» сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 млн 880 миң сом бөлүндү.