Новопавловка айыл өкмөтүнүн алдында нааразычылык акциясы болуп жатат

290

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн алдына айрым тургундар нааразычылык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, Учкун-2 конушунда жер маселеси 18 жылдан бери чечилбей келет. Тактап айтканда, трансформация боло элек. Мындан улам конушта толгон-токой көйгөйлөр бар.

«Учкун-2 жаӊы конушундагы карапайым эл кордолуп бүттүк. Президент Садыр Жапаров келип, маселебизди чечип берсин», — деп айтышууда.

Айыл өкмөт башчысы Ороз Өмүров эл менен жолугушууга чыкканын, алардын көйгөйү тууралу кийинчерээк жооп берерин билдирди.