«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев кызматынан бошотулду

333

 Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 13-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.