Акча чогулткан мугалимдер жазаланат

1559

Жаңы окуу жылынын ачылышына карата уюштурулган пресс- конференция өтүп жатат. Анда окуу-жайлардын даярдыктары тууралуу маалыматтар берилип жатат.

Бүгүн, 13-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев акча чогулткан мугалимдер жазаланарын билдирди:

«Эгер мугалимдер акча алган болсо, аларды жоопкерчиликке тартабыз. Эгерде, каражат чогултуп жаткан учурлар болсо атайын кызматтар, милиция, сот деген бар. Ошолорго кайрылуу зарыл”, – деди ал.