Алмазбек Атамбаев Кой- Таш окусы боюнча соттук отурумга катышуусу күтүлүүдө

207

Бүгүн, 13-сентябрда, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болот. Ага мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев алып келинет. Бул тууралуу маалыматты Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Соттук отурум саат 14:00дө башталат.