Куудул Тынар Курбаналиев дагы парламенттик шайлоого катышат

1641

Куудул Тынар Курбаналиев парламенттик шайлоого катышууга даярданып жатат. Ал аткара турган иштери көп экенин билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

«Парламенттик шайлоого катышайын деп даярданып жатам. Бир мандаттуу округ боюнча аттанайын деп турам. Башкаларга окшоп кнопка басып, өзүнүн байлыгын коргоо үчүн эмес. Коргой турган байлыгым же жеке ишим деле жок, максатым карапайым эл үчүн пайдалуу иштерди кылуу. Эл алдында ким менен болсо дагы дебатка чыкканга даярмын буюрса», — деди ал.